www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын кызматкерлерине 4,15 гектар жер берилеби?

УКМК социалдык тармакта жарыяланган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 4,15 гектар жер кийин УКМКнын пенсионерлерине жана кызматкерлерине берүү үчүн бөлүп берет деген маалымат боюнча жооп берди.

«Аталган жер мурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-апрелиндеги №313 токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, ошондой эле, СССР мезгилинен бери ал жерлер Кыргыз ССРнын Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) таандык болгон, андан кийин жеке турак жай курууга муктаж пенсионерлер менен аскер кызматчыларына бөлүштүрүлгөн.

Азыркы учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына ылайык, бул жерлер тийиштүү ченемдерге ылайыкташтырылууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости