www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инанды Түркия тарабынан кармалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков Инанды буга чейин УКМКга чакыртылып, аны уурдоо аракети болуп жатканы тууралуу эскертилгенин айтты. "Мындан кийин ал жан сакчыларын көбөйткөн. Орхан Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кетишкен", - деди ал.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости