www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДПнын тең төрагасы Фарид Ниязов, коомчулукта тымызын көп нерсени башкарып көшөгө артында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди өзү каалагандай калчап келген.
Бүгүнкү күндө эч нерсе билбегендей, эч нерсеге тийешеси жоктой сыр көрсөтүп эл арасында аш-тойдо жүргөн маалы. Буга далил катары бир нече ай мурун эле мурдагы Ажобуз Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө ичинде кири жок карапайым эл кол булгалап, туулган күнүн кош колдоп куттуктап атса, өлөөрүнөн башкасын билген Фарид Ниязов катардан сыртты көздөй качып Атамбаевдин жанынан көрүнгүсү келбей тургандыгы тасмадан көрүнгөн эле.
Алсак үзөңгүлөш жүргөн азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосуна чок салган жана коюлган чокту тутандырган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдор тор артына камалганы жалпыга маалым.
Бүгүнкү күндүн темасы болуп, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, легендарлуу айдоочусу Икрамжан Илмиянов камалып коомчулукту таң калтырса, эмки кезек Фарид Ниязовго жете тургандыгы каңкууланууда.
Булак: NazarNews.kg