www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Кызыл ордо облусунда Медина Абилхайыр аттуу кыз эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. Дарыгерлер кыздан оорунун белгисин таба албагандан кийин мечитке жиберген. Мечиттин имамы кызга бир нече күн “Ясин” сүрөөсү менен ага дем салган. Бир күндөн кийин эле Мединанын сол кол тарабында арабча жазуулар пайда болгон. Мындай көрүп таң калган кыздын ата-энеси имамга алып барган.

Мечиттин имамы Руслан Мамонов: - Бул Алла Талланын кудурети менен жасалды. Кыздын колундагы арбача жазуу “Бисмиллахи рахмани рахим”, деп жазылган. Бул сөз Алла Талла улук деген маанини билдирет, - деп айткан.

Буга чейин мындай сырдуу жазуулар жумуртканын сытына, койлордун терисине жазылганы белгилүү. Минтип мындай сырдуу жазуу Казакстандын Кызыл ордо облусунда адамдын денесинде Курандын төл сөзү жазылып калганы журттун жакасын карматып олтурат.  

Учурда колуна сырдуу жазуу пайда болгон Мадина, Аллага шүгур келтирип, намаз окуганга аракет кылып жүргөнүн “Нур.кз” маалыат булагына билдирген.

--Азыр абалым жакшы. Эки жолу өлүмдөн калдым. Алгач жазууну көргөндө эч нерсегү маани деле берген жокмун, деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости