www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен АКШ Орусия тарабынан бошотулган аймактарда боло турган референдумдарды үзгүлтүккө учуратуунун сценарийин талкуулап жатышат. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, 1-августта эки тараптуу форматта телефон аркылуу сүйлөшүү болгон. Ага Украина тараптан Кулебадан тышкары Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак, Украина аскерлеринин башкы командачысы Валерий Залужный, АКШдан президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли катышты.

"Биз көпкө чейин телефон аркылуу сүйлөштүк. Орусиянын Украинанын жаңы оккупацияланган аймактарын ээлеп алуу ниетин ишке ашырбай коюунун алдын ала сценарийин талкууладык", — деди Кулеба.

Ал белгилегендей, Украина жана анын өнөктөштөрү Россияны кесепеттер тууралуу айтып коркутпай, ар нерсени алдын алууга көңүл бурушу керек.

"Орусия эч нерсе кылбашы үчүн биз күн сайын иштешибиз зарыл. Референдум болобу же Орусиянын чабуулубу, айырмасы жок. Бардыгын алдын алалы", — деди министр.

Ал эми ДЭР менен ЛЭРдин Орусияга кошулуу боюнча кайрылуулары тиешелүү референдумдар өткөндөн кийин карала турганын РФ Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирген.

Атайын операциянын жүрүшүндө Орусия аскерлери Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алды. Эки аймакта тең жаңы администрациялар түзүлүп, орусиялык телеканалдар, радиолор эфирге чыккан. Аймактар Орусиянын курамына кирүү планын жарыялашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости