www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Калаанын төрт районунун башчылары жумасына бир жолудан райондук администрациялардын Facebook социалдык тармагындагы баракчалары аркылуу түз эфирге чыгып, шаардыктардын суроолоруна жооп беришет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, Биринчи май районунун акиминин төрт түз эфиринде шаардыктар тарабынан 70ке жакын суроо, Свердлов районунун акимине 60 кайрылуу, Октябрь районунун акимине 70 суроо, Ленин районунун акимине 90дон ашык суроо берилди.

Негизинен кайрылуулар жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды оңдоо жана куруу, ирригация орнотуу, катуу таштандыларды чыгаруу, жашылдандыруу жана башка көптөгөн маселелерге тиешелүү болду.

Көптөгөн кайрылуулар боюнча район башчылары жеринде тактоолорду жана сунуштарды беришсе, айрым маселелер боюнча көчмө жыйындар өткөрүлдү.

Ошондой эле, түз эфирдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана акимчиликтердин компетенциясынын чегинде тиешелүү иштердин пункттары көрсөтүлгөн протоколдор түзүлдү.

Эске салсак, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов ар шейшемби күнү саат 18:00дө Биринчи май акимчилигинин баракчасы аркылуу түз эфирге чыгат:

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев шаршемби күндөрү саат 18:00дө Ленин районунун акимиатынын баракчасы аркылуу шаардыктардын кайрылууларына жооп берет:

Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 18:00дө Свердлов районунун акимиатынын баракчасынан түз эфирде: 

Октябрь районунун акими Азамат Дороев шаардыктар менен ар жума күнү саат 18:00дө Октябрь акимиатынын баракчасынан байланышып турат: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости