www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Актау шаарында полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Маңгыстау облустук полиция департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, 3-августка караган түнү Актау шаарындагы 17-кичи райондо 26 жаштагы полиция кызматкери бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган.

Укук коргоо кызматкерин өлтүрүүгө шектелген кишиге "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Азырынча шектүү полиция кызматкерин эмне себептен өлтүргөнү айтыла элек.

Маркум кол салууга кабылган маалда эмгек өргүүсүндө экени кабарланды. Интернетке ал Актау шаардык полиция департаментинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүндө участкалык инспектор болуп иштегенин күбөлөндүргөн документ жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости