www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жашар Айша Мурдинованы издөөгө тартылган ыктыярчылар президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Футболчу Айдана Оторбаева Instagram баракчасына видео кайрылуусун жарыялады.

«Бүгүн Айшаны издөө иштерине 18 күн болду. Техниканы мындай кой, адам ресурстары өтө аз. Жергиликтүү тургундардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайыктар менен үзгүлтүксүз издөө иштери жетишсиз. Бул издөөлөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу кылуу үчүн көбүрөөк ресурстар керек. Биз ыктыярчылар жана албетте, Айшанын үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Садыр Жапаровго жардам берүү жана мүмкүн болгон бардык ресурстарды кошуу өтүнүчү менен кайрылып жатабыз», — деп жазган Айдана Оторбаева.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жаштагы Айша Мурдинованы издөө иштери уланууда. Кыздын үй-бүлөсү издөө иштерине жардам берүүгө даяр болгондордон 0705603704 жана 0700824212 телефон номурлары менен байланышууну суранат.

ӨКМ билдиргендей, каргаша 17-июль күнү саат 15.00дөр чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосундагы жерде болгон.

Последние новости