www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен Батыштын чалгындоо кызматтарынын мамилеси солгундап баратат, анткени АКШ, Улуу Британия Киевдин аракеттеринен улам Россия менен түздөн-түз жаңжалдашуудан кооптонууда. Бул тууралуу британиялык саясат таануучу, Россия боюнча китептердин автору Марк Галеотти Sunday Times гезитиндеги макаласында белгилегендигин РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, Батыш Украинанын Коопсуздук кызматында реформалардын жоктугуна, Киевдин Россиянын аймагында аскер кызматкерлерине жана саясатчыларга каршы террордук чабуулдарды уюштурушуна тынчсызданууда.

“Москва дагы деле украиндер Батыштын айтканын аткарат деп ишенет окшойт... Москва ички чабуулдарды тапшырма катары көрүп, түздөн-түз Батыштан өч алышы мүмкүн деген кооптонуу бар”, — деп айтылат макалада.

Ошондой эле Батышка Киевдин пландары бүдөмүк болуп жатканы жакпай калгандыгы айтылат.

“Батыштын саясий чөйрөлөрүндө Киев өз пландарында так эмес болууда жана өнөктөштөрүнүн тынчсыздануусуна жооп бергиси келбей жатат деген сөздөр бар”, — деп билдирген Галеотти.

Ал Украина өзүнүн стратегиясын өзгөртүүгө эч кандай негиз көрбөй турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости