www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байыркы замандарда Cлавян деген калк жашаган. Андан чыгыш славяндар бөлүнүп, Кыргыздар Шиберде Улуу Кыргыз Дөөлөтүн түзүп жатканда булар Киев княздыгына баш кошо баштаган. Чыңгызхандын уулу Жоочу Еваропага аттанып орус мейкиндигин каптап киргенде, негизги тукумун Украина тарапка таштаса керек, украиналыктар Жоочу хандын колу менен бирге келген түрк тилинде көбүрөөк «майдан» сыяктуу сөздөрдү сиңирип калган. Поляк бийлигине каршы украин элинин боштондук согушунун жетекчиси Хмельницкий деген болгон. Хмельницкий казактардын колдоосуна ээ болуп, 1648-жылы январда поляктарга каршы көтөрүлүш баштаган. Сечтен поляк гарнизонун кууп чыгып, ал Крым ханы менен мамиле түзгөн. Бардык украин элинин колдоосу менен казактардын көтөрүлүшү ири масштабдагы боштондук согушка айланып, тарыхта «хмельнитчиндер» деп аталып калган. Согуш мезгилинде Хмельницкий өзүн украин мамлекеттүүлүгүнүн уюштуруучусу, дипломат жана көрүнүктүү аскер ишмери катары көрсөткөн. Хмельницкий поляк аскерлерине каршы күрөштө бир топ жеңиштерге жеткен. Иш жүзүндө Украина көз карандысыз мамлекетке айланып, бирок үч күчтүү державанын Речь Посполита, Орусия жана Осмон империясынын ортосунда калган. Поляктар көтөрүлүштү басуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасап, күч топтой баштаган. Поляктардын үстүнөн болгон жеңишти аягына чейин жеткирүү үчүн сырткы күчтөрдүн колдоосу керек болгон. Казактар Речь Посполита менен күрөшүүдө Крым Татарларынан жардам сураган, бирок алар ошол мезгилде ишенимсиз болгондуктан, Хмельницкий Орусияга кайрылган. Орус падышасы Украинаны Орусияга кошуу шарты менен жардам берүүгө макулдугун берген. Хмельницкий Украинаны кабыл алуу жөнүндө суранып, орус падышасы Алексей Михайловичке кат жолдогон. 1654-жылы 8-январда элдик рада Украинанын Орусияга кошулганын жарыялаган. Ушунун үч жүз жылдык мааракесинде КПСС БКнын биринчи секретары Никита Сергеевич Хрущев 1954-жыл Крымды Украинага белекке берген. 2014-жылы Крым Орусияга кайткан, ошондон бери орус-украин согушу тынчыбай келе жатат.

Украинанын Башкы штабы Донбасста орусиялык ондогон көзгө атарлар иштеп жатканын айтты. Москва өзүнүн аскер кызматкерлеринин бул жаңжалга катыштыгы жок экенин билдирип, айыптоолорду кескин четке кагууда.

Украиналык басылмалар Донбасстагы жарашуу келишими февралда эле бузулганы тууралуу жазып келишкен. Акыркы күндөрү аймакта ок атышуу күчөдү. Абада дрондор пайда болуп, көзгө атарлар тынымсыз ок чыгарууда деди Украин тарап. Киев жана өздөрүн республика жарыялап алган Донбасстагы Луганск жана Донецк бири-бирин чагымчылдык үчүн айыптап жатышат.

Кээ бир маалымат  булактары "Донбасста 10-12 кишиден турган орусиялык дасыккан көзгө атарлар" иштеп жатканын билдирген. Москва болсо Украина чыгышындагы жаңжалга тиешеси жок экенин айтып, айыптоолорду жанына жуутпай келүүдө.Жарашуу тууралуу келишимге жеткен 2020-жылдын июлунан бери 19 украин аскери окко учкан. Анын он беши ушул жылдын башынан берки айларда эле каза тапты. Ондогондору ар кандай жаракат алган. Ал эми өзүн республика жарыялап алган аймактагы жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Өздөрүн "республика" жарыялап алып, Киевге куралдуу каршылык көрсөтүп жаткандар жарашуу келишимин бузду деп борбордук өкмөттү айыптап жатат. Чабуулга чабуул менен гана жооп берип жатабыз дейт алар. Донбасс Киев толук масштабдуу чабуул даярдап жатат деп кооптонууда. Жергиликтүү басылмалар Украин аскер техникалары бир жерден экинчи жерге жылып жаткан кадрларды мунун далили катары жазууда.

Орусияда болсо айрым ЖМКлар Донбасстагы "жаңы согуш" тууралуу февралда эле сөз кыла башташты. Өзгөчө орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукка Киев санкция салгандан кийин бул тема күчөдү. Марттын башында Донбасста жаңы жаңжал тутанганы жатат деп орусиялык расмий ЖМКлар кабарлай баштады. Акыркы апталарда өткөн жылдын июлунда жарыяланган жарашуу келишими чоң суроо болуп калды окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости