www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетинин баасы изилденген 230 өлкөнүн тизмесинде Кыргызстан 2-орунга жайгашты. Бул дүйнөдөгү мамлекеттердин арасында Кыргызстандын интернети эң арзан дегенди билдирет. Мындай маалымат англиялык «Cable» сайтында жарыяланды.
Ал жерде Кыргызстанда 1 Гб 0,15 долларга бааланары жазылган. Ал эми 1-орунда Израиль турат, ал жакта 1 Гб 0,05 долларга сатылат.
Изилдөөчүлөр КМШдагы көпчүлүк өлкөлөрдө интернет жеткиликтүү экенин белгилешти.
КМШга мүчө мамлекеттердеги интернеттин баасы (1 Гб үчүн):
- Россия — 0,29 $ (6-орун),
- Молдова — 0,32 $ (7-орун),
- Беларусь — 0,43 $ (13-орун),
- Казакстан — 0,59 $ (20-орун),
- Өзбекстан — 0,60 $ (21-орун),
- Украина — 0,75 $ (31-орун),
- Армения — 0,76 $ (35-орун),
- Азербайжан — 1,82 $ (100-орун),
- Тажикстан — 2,60 $ (132-орун),
- Түркмөнстан — 21,41 $ (223-орун).
Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө интернеттин баасы жогору болуп чыкты:
- Улуу Британия - 1,42 $ (78-орун),
- АКШ — 3,33 $ (154-орун),
- Германия — 3,38 $ (155-орун),
- Япония — 3,38 $ (156-орун),
- Швейцария — 5,24 $ (185-орун),
- Канада — 5,72 $ (190-орун).
Аталган рейтингди түзүү үчүн изилдөөчүлөр 230 өлкөдөгү 6148 тарифтик планды анализдеп чыгышты. Маалыматтар 2020-жылдын 8-декабрынан ушул жылдын 25-февралына чейин чогултулган.
Булак: NazarNews.kg