www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда жашаган үч томолой жетим балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелер берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ата-энеси жок жана камкордуксуз калган балдарга турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.
"Талас шаардык прокуратурасы тарабынан аталган шаардын мэринин наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен өспүрүмдөр К.А. уулу жана М.Б. экөөнүн ар бирине 0.6 гектар жер берилди.
Ошондой эле, Манас райондук прокуратурасы ушул эле райондогу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизип, натыйжада турак жайы жок Д.А. аттуу өспүрүм жер тилкесине ээ болду. Бүгүнкү күндө берилген жерлерди каттоо жана аларга укук таануучу документтерди алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg