www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2016-жылы кабыл алынган 5 Кодекс элибизге чоң кайгы алып келди, акчага азгырылган юристтер, ошол кездеги депутаттар буга сөзсүз жооп бериши керек», - деди бүгүн, 19-апрелде NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, бейөкмөт уюмдар жана ЛБГТлар Айзаданын өлүмү үчүн Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Ошол эле учурда «бейөкмөт уюмдар батыштан бөлүнгөн 38 миллион еврого 5 кодекстти кабыл алдырып, милициянын колу-бутун тушатышкан. Эми Алардын укук коргоо органдарына доомат коё турган жөнү жок» деп жатышат. Кимисинин көтөргөн маселеси орундуу?

- Өзү биздин Кыргызстаныбыз эгемендик алаар замат эле дүйнөлүк шумпайлардын тажрыйба жасоочу полигонуна айланып калганыбыз мени катуу өкүндүрөт. Бизди алдашып, «силер демократиянын аралчасысыңар» деп коюшту эле шадыраңдап шылуун мүнөздөгү «Песак» программасын кабыл ала коюп, эң алдыңкы делинген өндүрүшүбүздү түп тамырынан бери талкалап бердик.

Коллективдүү ири чарбаларыбызды жок кылып, айдоо жерлерибиздин кунун учуруп, малды кырып-жоюп, итке минип отуруп калдык. Анан силер билим берүү системасын мындай кылгыла дешти эле азыр дээрлик түрдө орто кылымдын деңгээлине түшүп бара жатабыз.

Бейөкмөт уюмдар ченемсиз уюштурулуп дүйнөдө биринчи орунга чыгыптырбыз. Акыркы 8 жылда транссексуалдар, (ЛГБТ) өтө эле активтештирилип кетти. Байкуш кызыбыз Айзаданын кайгылуу өлүмү - бул жөн эле шылтоо. Ар бир өлүм трагедия. Ал эми зордукчулдук менен жасалган өлүм миллион эсе кайгы. Муну укук коргоо органдары катуу көзөмөлгө алып иликтештери керек. Алардын шалаакылыгын күч органдары гана текшерип укуктук баа бере алышат.

Буга бейөкмөт уюмдарынын кандай тиешеси бар? Мыйзамды сыйлоо жана тоготуу керек! Өзү 2016-жылы кабыл алынган 5 Кодекс элибизге чоң кайгы алып келди. Бул факт. Акчага азгырылган юристтер, ошол кездеги депутаттар буга сөзсүз жооп беришет. Антпесе адилетсиздик болуп калат.

Чынын айтсам биздин милиция өз функциясын аткара албай калыптыр. Балким биз дагы бүт дүйнө жүзүнүн өлкөлөрүндөй эле полициялык системага өткөнүбүз оңдур. Эмнеге эле маалкатып жатабыз, түшүнүксүз? Бир эле биз калыппыз. Мындай абал кээ бир «азамат» саясатчылар үчүн ыңгайлуу окшойт деп да ойлоп кетет экенсиң?

- АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдарга жана ЛБГТларга шылтоо гана керек. Алар Айзаданын өлүмүнө эмес, өз кызыкчылыктарын ишке ашуруу үчүн кыйкырып чыгып жатышат дегендер чекеден чыгат. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Азыр элдин көпчүлүгү ошондой эле ойдо болуп жатышат. Эки жаш адамдын кайгылуу өлүмүнүн себебин баарыбыз эле билдик го? Муну катуу иликтеп ала турган расмий бийлигибиз бар. Ушундай катаал заманда баарыбыз, анын ичинен бейөкмөт уюмдары дагы акыл калчап, ар бир окуяга адилет баа берип турсак.

Ансыз деле пандемиянын азабынан чоң кризисте турган экономикабыз элди сарсанаа кылып жатпайбы? Эми «өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып» ич ара араздашып, болбогон эле нерселерди көбүртүп-жабыртып өлкөбүздү чайпай берелиби? Андан ким утат? Ошол чет элдик бизге ниети бузук уюмдар гана утушат. Элибиздин ыркын кетирип, өлкөбүздү талкалап тынышат.

Ошондуктан, кээ бир акылы тайкы жарандарыбызга акча чачып жатышат. Коңшу өлкөлөрдүн биринде дагы бейөкмөт уюмдары Кыргызстандагыдай тайраңдап кетишкен эмес! Алар өздөрүнүн кадырын билип жашап келе жатышат! Улутту бириктирген идеологиябыздын жоктугу ушундай жаман абалга кептеди, кыргыз элибизди! Биригели жакшылар! Өзүбүзгө мүнөздүү болгон каада-салтыбызга, үрп-адатыбызга кайталы! Ошондо гана улут катары сакталып калабыз. Башка жол жок!

- Тең укуктук деп отуруп, кыргыздын салт-санаасына доо кетирип албайбызбы? Ошондой эле, бейөкмөт уюмдарды мыйзам менен укугун чектеш керекпи?

- Менин бул суроого бир гана жообум бар. Чет өлкөлүк миссионерлер кыргыздын кылымды карыткан салтынан айланып кетишсин. Алардын псевдобаалулуктары кыргыздын чыныгы каада-салты менен үрп-адатынын бучкагына дагы тең келе алышпайт. Алар биздин айкөлдүк жана меймандостук касиеттерибизди наадандык менен пайдаланышып, өздөрүнүн бузуку иштерин таңуулап жатышат. Ошолорго азгырылган биздин кээ бир адамдарыбыз гана арман кылууда. Эми алар оңолушпайт көрүнөт. Кудай өзү калыс баа берээр. Бирок, мыйзамыбызды дагы күчөтпөсөк болбой калыптыр. Антпесек, келечегибиз бүдөмүк болуп бара жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости