www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менин оюмча, май айынын башында тынчтык жөнүндө келишимге келишибиз керек. Бул тууралуу президент Владимир Зеленскийдин администрациясынын башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович журналист Марк Фейгиндин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Орусия менен Украина 1-2 жуманын ичинде, болбосо май айында тынчтык келишимине кол коюшат.
«Менин оюмча, май айынын башында тынчтык жөнүндө келишимге келишибиз керек. Балким андан да эртерээк кол коебуз. Көрөбүз, мен эң кеч убакытты алып жатам. Азыр же 1-2 жумада аскерлерди артка кайтаруу жөнүндө келишим түзүлөт, калганын… Же жакын арада — 1-2 жумада, же дагы бир раунд согушкандан кийин, май айынын соңуна чейин бир пикирге келебиз», - деди Арестович.
Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн 4-раунду кечээ, 14-мартта өткөн. Сүйлөшүү бүгүн, 15-мартта уланары күтүлүүдө.
Эске салсак, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Булак: NazarNews.kg