www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуштун акыры кандай болот?

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ өнөктөштөрү менен бирге Орусиянын экономикасын «толугу менен талкалаганын» айтты. «Ооба, финал чындыгында президент Путин үчүн суроо алдында. Анын экономикасын толугу менен талкалап салдык. Биз украиндерге аскерий жана гуманитардык жардам көрсөтүп, орус жетекчилиги күткөндөн алда канча узак туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Ал үчүн келечектеги жол кандай болоорун өзү аныкташы керек», - деди ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жайкын тургуцндардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлигинмн куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, ал жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Көптөгөн Батыш мамлекеттери Орусияга каршы ири санкцияларды киргизди, биринчи кезекте ал банк секторуна таасир этти. Бир нече дүйнөлүк бренддер жана сервистер өлкөдөгү ишин токтотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости