www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина НАТОнун Мадриддеги саммитине чакырылат

Europa Press агенттиги Украина жакында Мадридде өтүүчү НАТОнун саммитине расмий чакыруу ала турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ошол эле учурда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сапары күмөн бойдон калууда, ал Украинадагы жаңжалдын өнүгүшүнө жана анын өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Украин лидеринин Испанияга келери "акыркы мүнөткө чейин" белгисиз болот", - деп айтылат макалада.

Өз кезегинде НАТОнун баш катчысынын орун басары Мирча Геоана Зеленский саммитке "тиги же бул жол менен" катыша турганын билдирди.

Жолугушуу IFEMA көргөзмө комплексинин үч павильонунда өтөт. Саммитке 5 миңге жакын адам – саясий лидерлер, делегациялардын жана уюмдардын мүчөлөрү, журналисттер катышаары күтүлүүдө.

Жыйынга 30 мамлекет башчы менен катар Япония, Австралия, Австрия, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея, Финляндия, Ирландия, Кипр, Мальта жана Швециянын лидерлеринин катышуусу пландалууда. Мындан тышкары саммитке европалык институттардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости