www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швециянын Минскидеги элчилигинде дээрлик эки жылдай жашынып жүргөн ата-бала Кузнечиктер Латвияга чыгып кетишти. Экөөнө тең мекенинде кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу «Зеркало» басылмасы жазды.
Белгилей кетсек, 2020-жылы сентябрда Беларуста талаштуу президенттик шайлоодон кийин бийликке каршы митингдер курчуп турган кезде Виталий жана Владимир Кузнечик швед элчилигинен башпаанек сураган.
Бирок терс жооп алганда, дарбазадан секирип элчиликтин аймагында калышкан. Андан бир нече күн мурун Виталий Витебскидеги жүрүшкө катышып, милициядан катуу таяк жегенде баласы аны куткарып калган. Аларга козголгон кылмыш ишке ылайык, ата-бала ар бири 6 жылга чейин кесилиши мүмкүн.
Кузнечиктер көзөмөлгө алынганына карабай, качып чыгуу планын иштеп чыкканын, автобус, электричка менен Витебск шаарына жетишкенин, андан ары Латвиянын чек арасына бет алганын айтып беришти. Чек араны түн ичинде токой аралап кесип өтүшкөн.
Латвиядан Виталий менен Владимир башкалка сурашты.
Булак: NazarNews.kg