www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучу билим алган №95 мектептин директору жумуштан алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда айтылды.
Депутат Жаныбек Асанбековдун "директорду кызматтан кетирүүгө эркиңер жетеби?", - деген суроосуна, Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева директорду кызматтан алуу боюнча комиссиянын чечими бар экенин билдирди.
«Директор катары сиз эч нерсе билген эмесмин, көргөн жокмун деп айтып жатасыз. Анда сиз иштебей жатасыз деп ойлойм. Алар бир баладан 750 сомдон чогултушкан. Бул чоң сумма. Ал күнү аквапаркта 250 сомго чейин арзандатуулар болгон. Калган акчаны, балким, сиздер бөлүшүп алгансыздар? Эгер билбесеңиз анда иштебей жатасыз. Сиздин бул кызматта иштөөгө моралдык укугуңуз жок”, - деди депутат Елизавета Алымбаева аталган мектептин директору Айгүл Шимовага кайрылып.
Эскерте кетсек, "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектептин 3-классынын окуучусу каза болгон.
Булак: NazarNews.kg