www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин аскерлери Запорожье АЭСинин башкаруудан чыгарыла турган талуу жерлерине, анын ичинде муздатуу системасына сокку урууда. Бул туурасында региондун башкы администрациясынын мүчөсү Владимир Рогов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Мындай учурда реактор катуу ысып, башкаруу процесси иштен чыгат. Ошондо бул чыныгы өзөктүк бомба болот, реактор жөн эле жарылып кетет. Ал эми реактордун өзүн кыйратуу үчүн тактикалык өзөктүк курал керек. Реактордун сырты бир метрлик темир бетон менен корголгон, самолёт 10 чакырымдык бийиктен келип түшсө да реактор ордунда калат. Бирок ал туруктуу негизде муздатылууга муктаж, Украинанын куралдуу күчтөрү дал ушул системаны талкалоого аракет кылууда", — деди Рогов.

Ошондой эле ал БУУ жетекчилиги Запорожье АЭСин аткылоо фактысына украин улутчулдарынын аракетин сындоонун ордуна көз жаздымда калтырып жатканына нааразы болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости