www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сталин Ставкадагы жыйында маршал Жуковдун, Василевскийдин, Рокоссовскийдин жүйөсүн угуп: "Болуптур, биз сүйлөштүк. Ал эми полковник Брежневдин пикири кандай?" деген экен. Брежневдин доору башталар алдында Александр Шелепинди КПСС БКнын секретарлыгын төмөндөтүп, ВЦСПСка төрага кылат. Себеби, аны менен көз караш ача пикирди туудурат. Шелепин солчулдар, Кытай менен жакындашып империалисттерге сокку урууну көздөгөн. Брежнев болсо жанаша тынч жашай берүүнү туура көрүптүр.

Советтик лидер Леонид Брежневге аскердик эң жогорку сыйлык - "Жеңиш" ордени ыйгарылган. Бул сыйлык Советтик армиянын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы алдында берилген. Сыйлыктын ээси СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы эле. Ал эми сыйлык ыйгаруу боюнча буйрукка анын биринчи орун басары Василий Кузнецов кол койгон. Брежнев совет тарыхындагы тынч мезгилде "Жеңиш" орденин алган жана кийин андан ажыратылган жападан жалгыз адам болду.

СССРди 1964-1982-жылдары жетектеп турган бул лидердин теориялык билими, стратегиялык кенен ой жүгүртүүсү өтө кең болбогону айтылып жүрөт. Бирок ал күтүлбөгөн саясый тактикаларды жасаган жана кишилердин психологиясын мыкты билген. "Кайда барбасын бирөөнүн жардамына муктаж карыя элдин эсинде. Ал болсо таланттуу жетекчи болгону талашсыз", - дейт анын сүйлөгөн сөздөрүн жазып берип жүргөн катчыларынын бири, кийин Москванын мэри болуп турган профессор Гавриил Попов.

Жылдар өтүп Брежневдин артыкчылыктары кемчиликке айланды: ырайымдуулугу - көңүл коштукка, шайдоот жүргөнү -манчыркап, менсинүүгө.

Анын ушундай мүнөзүнөн улам тегерегиндегилер ага кошмат кылып, айга-күнгө теңеп баштаган. Тарыхчы Леонид Млечиндин пикиринде, тегерегиндегилер мүнөзүн билип туруп, атайын эле ушундай керт башына сыйынган мамилени жасашкан. Бул өзүнүн жыргалылчылыгы үчүн жашай берсин, бизге тоскоол болбосун дегени эле.

Партиянын чоң жыйындарындагы докладдарда: "Коммунисттик партиянын жана анын лениндик Борбордук комитетинин" деген сөздөргө улай эле "жана жеке жолдош Леонид Ильич Брежневге" деп айтуу кадимки көрүнүшкө айланган.

Баш катчы өзү жазбаган мемуарларды жарыкка чыгарган, ал тургай аны улуу жазуучу деп атап, адабият боюнча Ленин сыйлыгын ыйгарышканда да каршы болгон эмес. Брежневдин советтик жана чет өлкөлөрдөн алган 117 ордени болгон. Анын ичинде Советтер союзунун жана Социалисттик Эмгектин баатыры деген алтын жылдыздуу беш ордени бар эле. Мына ушул жагдай дагы тарыхтагы жападан жалгыз окуя.

1976-жылы өзүнө маршал наамын ыйгарып, 18-армиядагы кызматташтары менен жолугушууга жаңы мундирде келип: "Мына, эмгегим сиңген экен" деп, өзүнө ыраазы болуу менен айткан тура, жарыктык. Мындан эки жылдан кийин ага "Жеңиш" орденинин тапшырылышы көптөрдүн оозун ачырган. Ошол учурда саясый бюронун мүчөлөрүн мааракелик датада алтын жылдыз менен сыйлоо кеңири жайылган адатка айланганын көптөр жакшы билет. Ал эми маршалдык наам боюнча кеп кылсак, Брежнев ошол кезде СССРдин Коргоо кеңешинин төрагасы болуп турган жана эгерде эле согуш чыгып кетсе, жогорку кол башчынын милдетин өзүнө алмак. Ошондуктан, түпкүлүгүндө анын бул даражага акысы бар эле.

Бирок орден маселесине келсек, абал такыр башкача. Орденди ыйгаруу боюнча жободо: "Аскердик эң жогорку сыйлык болгон "Жеңиш" ордени менен бир же бир нече фронттордо масштабдуу аскердик операцияларды ийгиликтүү жүргүзүп, андан чоң пайда алып келип, кырдаалды өзгөрткөн Кызыл Армиянын жогорку командачылыгынын курамындагылар сыйланат",-деп жазылган.

Мына ушул негиз менен гана сыйлык тапшырылган. Башка жагдайлар каралган эмес. Брежнев согушта армиянын саясый бөлүмүнүн жетекчиси кызматында иштеп, согуштун аягында генерал-майор наамын алган. Болгону 1945-жылы июнда 4-Украин фронтунун саясый башкармалыгынын жетекчилигине көтөрүлгөн.

Орден ыйгаруу туралуу чечимди негиздеш үчүн кийин буйруктун текстине бир аз өзгөртүү киргизишкен: "Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңишке кошкон зор салымы үчүн" дегенге "тышкы саясатты ыраттуу ишке ашырганы жана тынч мезгилде өлкөнүн өнүгүшүн ишенимдүү камсыздаганы үчүн" деген кыстарманы тиркешкен. Ошондо башкы катчы жок эле согуштун жеңүүчүсү катары сыйлангандай болуп калды.

Көп өтпөй эле бул тууралуу анекдот чыкты: Сталин Ставкадагы жыйында маршал Жуковдун, Василевскийдин, Рокоссовскийдин жүйөсүн угуп: "Болуптур, биз сүйлөштүк. Ал эми полковник Брежневдин пикири кандай?" деген экен.

1989-жылдын 21-декабарында СССР Жогорку Кеңешинин төрагасы Михаил Горбачев "ордендин статусуна туура келбегендиги үчүн" Брежневге берилген сыйлыкты жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койгон. 2000-жылы 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин "Жеңиш" орденин алгандардын ысымы жазылган Кремлдеги мемориалдык тактаны ачкан. Алардын катарында Брежнев жок эле.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости