www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты шаардык сотко кайрылат

"Фейсбук" колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин жактоочусу Чыңгыз Ибраев анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотко кайрыларын "Азаттыкка" билдирди. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

"Фейсбуктагы" "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта кечинде милиция бир несе саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров 14-августта аталган кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости