www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын ортосундагы тирешүү 2014-жылдан бери уланып келет. Бул чыңалуу Украинадагы көптөгөн жашоону биротоло өзгөрттү. Алардын бири, 2015-жылы ракеталык кол салууда күйөөсүн жоготкон Татьяна Ефремова. Ал өзүнүн окуясын тууралуу айтып берди.

Үй-бүлө күндү эртең менен кадимкидей баштаган.

Татьяна айым ашканада эртең мененки тамакты даярдап жатканда, күйөөсү Станислав спорт менен машыгууга чыккан.

11 жашынан бери таанып, 30 жылга жакын созулган сүйүүсүн орусиячыл жикчилдер аткан ракеталар жок кылган.

2015-жылдын 24-январында Украинанын Мариупол шаарындагы Васточный районундагы үйлөрүнө 3 ракета тийген.

Короого түшкөн ракетадан ал үйдө жашаган кошунасы каза болгон. Экинчи ракета Татьяна айымдын үйүн талкалап, бирок кызы экөө аман калган.

"7 жыл мурун болгон окуя даагы кайталанбаса экен", -  дейт  Татьяна Ефремова. 

Ал азыр жалгыз болгонуна карабай, күйөөсүнүн бизнесин улантууда. Ал ошол эле кол салууда талкаланган базарда тазалоочу каражаттарды сатат.

Татьяна азыр көптөгөн украиндер сыяктуу эле, жүрөгүндөгү айыкпаган жаралары менен кайра куруп кеткен жашоосун улантууда.

Эске салсак, дүйнөлүк лидер мамлекеттер Орусияны Украинага басып кирет деп болжошууда. Бирок Путин мындай басып алуу эч качан болбоорун байма-бай айтып келүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости