www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина парламентиндеги президентти колдогон «Слуга народа» партиясынын фракциясынын басма сөз катчысы Юлия Паличук партиянын депутаттары коронавируска чалдыкканын билдирди.

27-январга карата «Слуга народа» партиясынын дагы алты депутатынан коронавирус аныкталды. Аталган партиядан жалпы 23 депутат коронавируска чалдыккан. Бул пандемия учурунан берки эң жогорку партиялар арсындагы көрсөткүч.

Украинада акыркы кездери коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкөдө COVID-19 инфекциясынын 32 миңден ашуун жаңы учуру катталды. Украинанын башкы санитардык дарыгери жаңы омикрон штаммынын инфекциясынын туу чокусу февралдын аягында болорун, бирок бийлик катуу карантин киргизбей турганын айтты.

Ал эми жогорку раданын жаңы сессиясы 1-февралда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости