www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада орус тилинде тейлөө жүргүзүүгө тыюу салынды

Бүгүн, 16-январдан тарта Украина аймагында тейлөө тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү орус тилинде жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Мындай тыюу салуу 2019-жылдын 25-апрелинде Украина Жогорку Радасы тарабынан кабыл алынган «Украин тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

Мындан ары бардык тейлөөчүлөр менчигинин түрүнө карабастан, кызмат көрсөтүүлөрүн украин тилинде гана жүргүзүүгө милдеттүү. Эске сала кете турган жагдай, тейлөөчү орус же башка чет тилдерин кардардын өтүнүчү менен гана колдоно алат. Аталган мыйзамдын эрежелери бузулган учурда атайын айып пулдар да каралган.

Жогоруда айтылган тил боюнча мыйзамда дээрлик бардык чөйрөлөрдө украин тилин гана колдонуу каралып, бул үчүн атайын лингвистикалык комиссия түзүлүп, аны коргоо боюнча комиссар кызматы киргизилген. 

Жогорку мамлекеттик кызмат адамдары аталган мыйзамды бузган учурда 5,1 миң гривенден (184 доллар) 6,8 миң гривенге (245 доллар) чейин айып пул төлөйт.

Белгилей кетсек, украин тили Украинанын мамлекеттик тили болуп эсептелет. Ошол эле учурда Украинанын Башмыйзамы өлкө аймагында жашаган башка улуттардын тилдеринин эркин өнүгүшүнө, колдонулушуна жана корголушуна кепилдик берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости