www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда Ангела Меркелдин жаңы мураскери Германиянын канцлеринин кызмат ордуна шайланды. Бул Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык штатынын премьер-министри Армин Лашет болle.

Ал башкаруучу партиянын, Христиан-Демократиялык Союзунун (CDU) төрагасы болуп дайындалган.

Шайлоо өнөктүгүнө бир нече талапкер, анын ичинде парламенттик фракциянын мурдагы башчысы Фридрих Мерц жана Бундестагдын тышкы саясат комитетинин башчысы Норберт Реттген катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин ХДСтин делегаттарынын конгрессинде Лашет оңчул террорчуларга Германияда нааразычылык акцияларын жана баш аламандыкты козутууга жол бербейм деп айткан. Ал бийликтин коронавируска каршы койгон чектөөлөрүнө байланыштуу Берлинде нааразычылык акциялары башталган былтыркы окуяларды эскерди. Анын айтымында, анда парламенттин имаратына оңчул экстремизмдин өкүлдөрү да көрүнгөн адамдар кирүүгө аракет кылышкан.

Жыйынтыгында Лашет Германияны жек көрүүнүн бардык көрүнүштөрүнөн коргонууга чакырды.

Эске салсак, 31-декабрда Меркель жарандарды Жаңы жылдык майрамдары менен акыркы жолу куттуктаганы белгилүү болду. Анын айтымында, ал мындан ары Германиянын канцлери кызматына талапкерлигин койбойт. Ал 2005-жылы 22-ноябрда биринчи аял канцлер болуп кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости