www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарында, абышка 6-7 полиция кызматкерин дыргаяктата кубалап жаткан видео жарык көрүп, интернетте кызуу талкууга түштү.

Видеодо көрүнүп тургандай абышка киши полиция кызматкерлеринин бирөөсүнө ачууланып, анын бетине калемпир газын чачып, артынан кубалап кирген. Ал учурда калемпир газынан көзүнө жаш алган укук коргоо кызматкерлери туш тарапка качкандыгы интернет колдонуучуларынын бирде күлкүсүн келтирип, бирде абышканын кылган ишине таң калып турган чагы.

Алматы полициясынын билдиргенине караганда, мурунку аял-күйөөсүнүн ортосундагы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам абышканын үйүнө полиция кызматкерлери чакырылган. Бул жагдай үй ээсинин ачуусун келтирген. Азыр улгайган абышканын үстүнөн кылмыш иши козголду, – деп кошумчалашат Алматы полициясынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости