www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 7-мартка карата Украинадагы аскердик операцияларда орус армиясы 11 миң кишисин жоготконун билдирди. Бул тууралуу Facebookка жарыяланган Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кыскача баяндамасында айтылат.

Штабдын маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын армиясы 24.02 — 07.03 аралыгында болжол менен төмөнкүдөй жоготууга дуушар болгон:

- өздүк курам —11 000ге жакын адам,

- танктар — 290 даана,

- бронетехника — 999 даана,

- артиллериялык системалар — 117,

- жапырт аткылоочу реактивдүү система (ЖАРС) — 50,

- абадан коргонуу системалары — 23,

- учак - 46 даана (маалымат такталууда),

- тик учактар — 68 даана (маалымат такталууда)

- автомобиль техникасы — 454, - жеңил ылдамдыктагы кайыктар — 3 даана,

- УУА ыкчам-тактикалык деңгээли — 7.

Штабдын маалыматына караганда, 7-мартка караган түнү Чернигов, Харьков, Николаев абадан сокку урууга учураган, Житомир облусунда аткылоо болгон, Херсон жана Сумы облустарында абал оор бойдон калууда.

Эске салсак, 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасс жумурияттарынын жетекчилеринин жардам сурап кайрылуусуна жооп катары Украинага каршы согуш башталганын жарыялаган. Ал Украинанын аймактарын оккупациялоо Москванын пландарында камтылбагандыгын баса белгилеген. Согушка жооп катары АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия жана башка бир катар мамлекет орусиялык жеке жана каптталган уюмдарга каршы санкцияларды киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости