www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуш дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгын жаратты. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын орун басары Амина Мохаммед 7-июнда Душанбеде таза суу маселесине арналган эл аралык жыйында билдирди.

Украина дүйнөдөгү эң ири буудай экспорттоочулардын бири болуп эсептелет. 24-февралда Орусия кол салгандан кийин украин буудайынын экспорту токтоп, дүйнөдө ун азыктарынын баасы жогорулап жатат.

Өз сөзүндө Амина Мохаммед дүйнөдөгү таза суу жетишсиздиги маселесине да токтолду. "Сууга жетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши терең тынчсызданууну жаратат", – деди ал.

БУУ катчысынын орун басары мындан тышкары дүйнөдөгү жаратылыш ресурстарын рационалдуу коргоого чакырды. Ал кийинки жылы Нью-Йоркто Тажикстан менен Нидерланддын төрагалыгы менен ири суу саммити өтөрүн белгиледи. Анын айтымында, буга чейинки мындай масштабдагы жолугушуу туура 50 жыл мурда өткөн.

Он жылдыктагы эл аралык аракеттерге арналган "Туруктуу өнүгүү үчүн суу, 2018-2028-жылдар" аттуу эл аралык жыйын Душанбеде 7-июнда ачылды.

Жыйындын ачылышында сүйлөгөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон COVID-19 пандемиясы дүйнө өлкөлөрүн анын кесепеттерин жоюуга бардык аракетин жумшоого аргасыз кылганын билдирди. Бирок анын айтымында, таза суунун жеткиликтүүлүгү адам өмүрү үчүн өтө маанилүү жана бул маселе дайыма приоритетте болушу керек.

Тажикстандын президенти адистердин маалыматтарына таянып, 2050-жылы дүйнө калкынын саны 9 миллиардга жетип, сууга болгон суроо-талап өсө турганын билдирди. Рахмон суу тартыштыгы маселесин чечүү боюнча глобалдык аракеттер күтүлгөндөй жыйынтык бербегенин айтып, миллиондогон адам дале болсо таза сууга жете электигин белгиледи.

Тажик президентинин айтымында, өнүккөн өлкөлөр менен эл аралык каржы институттарынын жардамысыз өнүгүп келе жаткан өлкөлөр таза суу маселесин чечүүдө кыйынчылыктарга туш болушат. Рахмон өз сөзүндө суу тартыштыгы тууралуу дүйнөлүк масштабда айтып, ошол эле маалда Тажикстандагы суу көйгөйү тууралуу ооз ачкан жок.

Сөзүнүн соңунда тажик президенти Тажикстандагы мөңгүлөр эрип жатканын эске салып, 2025-жылды Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөрдү коргоо жылы деп жарыялоону сунуштады.

Суу маселелери боюнча Душанбеде өтүп жаткан эл аралык жыйын 9-июнга чейин созулат. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул жыйынга түрдүү өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын 2 миңден ашык өкүлү катыша тургандыктарын ырасташкан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости