www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын түндүк-батышындагы Карабогаз шаарында деңизге түшүүгө тыюу салынган.

Полиция 2020-жылдын жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу тургундарды жээктен кууп чыга баштаган. Turkmen.news басылмасынын маалыматына караганда, азыр карантиндик эрежелер бир аз жумшартылганына карабастан, эч нерсе өзгөргөн жок.

Жээктерди полиция, аскер жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күзөтүп турушат.

Басылманын маалыматына карганда «Аваза» пансионатына жергиликтүү тургундар паспортун жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүү менен гана кире аларын белгилейт. 

Башка аймактардан келген туристтер миграция кызматынын уруксаты, эмдөө сертификаты жана жолдомо менен гана мейманканага барышат. Авазага жете алгандар үчүн деңизге түшүүгө уруксат берилет.

Расмий түрдө Түркмөнстандын бийлиги коронавирустун өлкөгө киргенин тааныбайт. Ошол эле учурда аталган өлкөдө өтө катуу карантиндик чаралар көрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости