www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын бийлиги украин буудайын экспорттоону калыбына келтирүү үчүн Одесса портунун чыга беришин миналардан тазалоого жардам берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Булактын маалыматына караганда, Түркия бул боюнча Орусия менен болжолдуу макулдашууга келип, БУУнун колдоосун алууга үмүттөнүүдө. Ошол эле маалда Украина Одессанын жээги минадан тазаланса, шаар Орусиянын кол салуусунан коргоосуз калышы мүмкүн экенин айтып, бул планды колдобой жатат.

Шаршемби күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул план тууралуу сүйлөшүү үчүн Анкарага барат деп күтүлүүдө. Азырынча ал сүйлөшүүгө Украина өз өкүлүн жөнөтөр-жөнөтпөсү белгисиз. Украин портторун ачуу маселесин дүйшөмбү күнү Украина менен Түркиянын коргоо министрлери да талкуулашкан.

3-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин украин буудайын оккупацияланган Мариуполь жана Бердянск порттору аркылуу Украина көзөмөдөп турган портторго, андан ары темир жол менен Румыния, Польша жана Беларуска чыгарууну сунуштаган. Ал ошондой эле Украина деңиз жээктерин миналардан тазаласа, буудай жүктөлгөн украин кемелеринин Кара деңиздеги порттордон тоскоолдуксуз өтүүсүнө кепилдик берерин билдирген. Мындан тышкары Путин дүйнөлүк азык-түлүк базарындагы абал Орусиянын аракеттеринен улам начарлаганын четке кагып, терс динамика согушка чейин эле башталганын айткан.

Орусия менен Украина дүйнөдөгү эң ири буудай өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы бештигине кирет. Орусия Украинага кол салгандан кийин дүйнөдө азык-түлүк баасы кескин жогорулай баштаган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш май айында согуштун фонунда дүйнөнүн 43 өлкөсүндө 49 миллион киши ачкадан өлүшү мүмкүн экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости