www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдолимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы спортчуларды мелдештерге ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, жолугушуунун маанилүүлүгүн бул кыргызстандык спортчулардын талыкпас эмгеги менен күчтүү рухуна таазим этүү менен түшүндүрдү.

Президент Кыргызстандын атын алыска таанытып, мамлекеттин кызыл байрагын желбиретип, даңазалаган ар бир иш өлкөнүн өнүгүшүнө дем болуп, ар бир мекендешибиздин Кыргызстандын жаркын келечегине болгон ишенимин бекемдей турганын белгиледи. 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн XXIV Сурдолимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло, жалпысы 6 медаль жеңип келишкен. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдолимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликтүү натыйжага жетишти.

“Тагдырдын жазмышына баш ийип отуруп албай, “өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды кошсом” деп тилек кылып, өжөрлөнө эмгектенип, көздөгөн максатына жете билүү – бул чоң эрдик. Мындай машакаттуу жолду басып өтүп, Бразилияда болуп өткөн маанилүү мелдешке катышып, жан-дили менен берилген машыгуулардын негизинде кызыл туубузду эл аралык майданда дагы бир жолу желбиреткен Кыргызстандын сурдолимпиада боюнча курама командасынын спортчуларына, аларды коштоп-колдоп, күн-түн дебей таптап барган машыктыруучуларга, спортчулардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем”, - деп ыраазчылык билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мамлекеттик бюджеттен XXIV Сурдолимпидага даярдануу максатында окуу-машыгууларына 1,5 миллион сом жана эл аралык мелдешке катышууга 8 миллион сом каралганын эске салды. Өлкө бюджетинин чакандыгына карабай, бул багыттагы спортту колдон келишинче колдоп, каражат бөлүп жаткандыгын туура түшүнгөн спортчуларыбыз көкүрөгүндө “Мекен үчүн” деп уялаган бийик намыс менен алдыңкы орундарды камсыз кылууга умтулуп, акыры жалпы республика сыймыктана турган ийгиликтерди жарата алышты.

Садыр Жапаров дзюдочу Ильгиз Каналбек уулун белгиледи. Ал жаракатына карабастан, коло байгени багынтканы көпчүлүк жаштарга сабак болор мыкты өрнөк болду. Ошондой эле, таэквондо боюнча Азамат Мавлоновдун күмүш, Бермет Марсбекованын коло байгелерди багынтып, ал эми Гүлжан Жаналиеванын 5-орун алганы кыргыз спортуна жана анын күйөрмандарынын демине дем, күчүнө күч кошту. Алмазбек Исаковдун эркин күрөш боюнча күмүш медалга ээ болуп, Смадияр Жумакадыров менен Миляс Марковдун грек-рим күрөш боюнча коло байгени багындырышын кыргыз эли үчүн эбегейсиз жетишкендиктердин катарына тартынбай туруп кошо алабыз.

Мындай ийгиликтерге кубануу, сыймыктануу менен бирге, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт жөнүндө мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл экендигине көңүл бурду.

Паралимпиадалык жана сурдолимпиадалык спорт түрлөрүн Олимпиадалык спортко теңештирүү зарыл. Бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктар менен бирдиктүү стипендиялык бюджетке спорттун дал ушул паралимпиада жана сурдолимпиада түрлөрүн киргизүү керек.

Буга байланыштуу, президент бул маселелерди дыкат иликтеп, тиешелүү мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине тапшырды.

Ал спортчулардын эл аралык мелдештерде желегибиз менен элибиздин ариетин бийик кармап, намыска жарап бергенин белгилеп, аларды ар тараптан колдоого алуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы машыктыруучуларга ыраазчылык билдирип, жаш муундардын мекенчил болуп тарбияланып өсүүсүндөгү жана ден соолук булагы болгон спортту даңазалоодогу эмгегин өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде машыктыруучулар буга чейин эч ким тарабынан көрсөтүлбөгөн колдоо жана жеке көңүл буруу үчүн президентке ыраазычылык билдиришти. Алар эл аралык өкүлчүлүктүү мелдештерде өлкөнүн намысын татыктуу коргоо үчүн мындан ары да талыкпай эмгектенишет.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров XXIV жайкы сурдолимпиада оюндарында ийгиликтерге жетишкендиги, КР Сурдолимпиада боюнча улуттук курама командасынын спортчуларын тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, акчалай сертификаттарды жана эстеликке белектерди тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости