www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров Ички аудит кызматы боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстанда Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы түзүлдү. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-майда чыгарган.

Жаңы кызмат мамлекеттик каражатты натыйжалуу пайдалануу үчүн финансылык контролду күчөтүү жана мамлекеттик активдердин сакталышын камсыздоо менен алектенет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 7-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ички аудит кызматына бюджеттен кошумча каражат коротулбай турганын билдирди.

“Мындан ары күнүнө 200, 300 млн. же 1 млрд. сом коротулгандан кийин ошонун артынан карап турат. Ички аудиттин иши биздин чиновниктерди мыйзам буздуртпай алдын алуу”, - деди Жапаров.

Анын сөзүнө караганда, ушул тапта мамлекеттик мекемелерде бөлүнгөн каражаттын суммасына жараша көзөмөл кыла турган үчтөн төрт кишиге чейин кызматкерлер бар.

Кыргызстанда бийлик артыкбаш мамлекеттик органдарды кыскартып, кызматкерлердин санын азайтуу боюнча убадаларды берип келет. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости