www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институту Сузак РИИБинин жетекчисинин ээлеген кызматына ылайык келүүсүн кароо боюнча тиешелүү мекемеге сунуш жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, мугалимден токмок жеген кызды коомчулук гана эмес, айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери да сынга алышкан.

«Билим берүү министринен баштап мугалим сабаган окуучуну каралоо аракети жүрүп жатат. Сузак РИИБинин башчысы окуучу кыз өзү окуяны козгонун билдирди. Башкача айтканда, кызга алдын ала айып тагылган. Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат ордун сактоо маселесин кароо боюнча ИИМге сунуш жөнөттүк», - деди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, окуучунун сабалышы боюнча окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы №1 мектепте болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факт боюнча текшерүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгында мугалимдин аракетине юридикалык баа берилет. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мугалим менен директорду жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Последние новости