www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Анкара украиналык буудай данын чыгаруу үчүн порттордогу сууну минадан тазалоого жардам берүүгө даяр болсо, анда РФ менен Түркиянын аскерлери бир кепке келе алат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

"Биздин түркиялык кесиптештер минасыздандырууга жардам беребиз деп айтышкан. Аскерлерибиз муну кандайча ишке ашырууну макулдашып алат деп ойлойм. Себеби мина коюлган талааларды зыянсыздандыргандан кийин кемелер ачык деңизге чыга алат. Андан ары биз өз алдыбызча же түркиялык кесиптештер менен биргеликте кысыкка же андан ары Жер ортолук деңизге чейин жеткирип беребиз деп кепилдик бере алам", — деди министр маалымат жыйыны учурунда.

БУУ буудай данынын жетишсиздигинен улам азык-түлүк коопсуздугу жараларын эскертип келет. Батыш Украинадагы буудайдын дүйнөлүк рынокко чыгышына Орусия бут тосуп жатат деп айыптоодо. Ал эми Москва мындай маалыматтарды четке кагып келет.

Буга чейин украиналык аскерлер Мариуполь портунун кампасындагы тонналаган дан эгиндерин өрттөп кетишкен. Аны өчүргөн менен баары бир жараксыз болуп калганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости