www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш маалымат каражаттары тескери маалымат таратып жатканына карабай, Орусия Донбассты коргоо боюнча атайын операцияда Украинанын Куралдуу күчтөрүн талкалоодо. Бул тууралуу италиялык журналист Марко Травалло La7 телеканалынын эфиринде билдирди.

Журналист батыш маалымат каражаттарын орус армиясы боюнча жалган маалымат таратууда деп сынга алды.

«Мен Орусиянын жеңилгени тууралуу гезиттерден гана окугам. Жалпысынан алганда, Орусия кызыктырган нерсенин баарын алып, жеңишти камсыз кылууда", - деп баса белгиледи италиялык баяндамачы.

Ал ошондой эле Орусия Федерациясынын атайын операциясынын фонунда италиялык бийликтердин аракеттерине комментарий берди. Анын айтымында, өкмөт Киевди курал менен камсыз кылуунун ордуна гуманитардык жардам, качкындарды кабыл алуу жана Москвага каршы санкциялар менен гана чектелиши керек.

«Биздин Конституциябызда да биздин союздаш эмес өлкөгө курал-жарак берүүгө тыюу салынган», - деп жыйынтыктады эксперт.

Орусия 24-февралдан бери Украинада аскердик операциясын жүргүзүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, март айынын аягында аскерлер биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарып бүтүштү – алар Украинанын күжүрмөн дараметин кыйла азайтышты. Бөлүмдөгү негизги максат Донбассты бошотуу деп аталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости