www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет өз коопсуздугун эки жол менен камсыздай алат. Бири нейтралдуулукту кармануу болсо, экинчиси аскердик альянстарга кирүү. Бул тууралуу Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азия мамлекеттердин ичинен Түркмөнстан 1995-жылдан бери нейтралитет саясатын карманат.
"Кандай гана мамлекет болбосун, коопсуздукту камсыздаган эки модель бар. Биринчиси — нейтралитетти кармануу. Борбор Азия мамлекеттеринен Түркмөнстан 1995-жылы дал ушул жол менен коопсуздугун камсыздай турганын БУУда жар салган.
Экинчиси — альянстарга кирүү. Кыргызстан ушул жолду тандап, ЖККУга кирген. Ошондой уюмдардын бири — НАТО. Учурда дүйнөдө геосаясий абал кескин өзгөрүп, нейтралдуу мамлекеттер тигил же бул тарапты тандоодо. Бул кандайдыр бир деңгээлде дүйнөнүн экиге бөлүнүп кансыз согуштун башталышында турганынан кабар берет.
Экинчи көз караш менен алганда, Орусиянын атайын операциясы башталгандан кийин Швеция менен Финляндияда НАТОго кирүүнү каалагандар 40тан 70 пайызга чейин өстү. Демек, бийлик карапайым калктын үнүн угууда деп божомолдосо болот", — деди Эсенгул.
Ал Орусия Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине эмес, эки өлкөнүн аймагында согуштук инфраструктуранын түзүлүшүнө каршы экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg