www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин мүчөсү Гавхар Хайдарова “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында райондо туугандардын никеге туруусу көп кездешерин билдирди.

Айнын айтымында, аларга аял кайрылып, майып бала төрөгөнүнүн айынан үй-бүлө ажырашканын айткан. “Аны майып бала төрөдүң деп айыпташкан. Иликтөөдөн кийин алар туугандар болуп чыгышты. Биздин айыл өкмөттө мындай көп экен. Изилдөөдө 267 майып балдар бар экени белгилүү болду. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана аялдар кеңеши тарабынан бул маселе боюнча тегерек стол уюштурулду. Азыр майыптыгы бар балдарды коляска менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, - деди ал.

Гавхар Хайдарова билим берүү мекемелеринде кыз-жигиттер менен жолугушууларды өткөрүп, тууган-туушканына никеге туруудан баш тартууга укугу бар экенин, мындай нике кесепети бар экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости