www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда кыз зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-июнда милицияга Ысык-Ата районундагы дачалардын биринде кыз зордуктоо фактысы боюнча маалымат түшкөн. Кийинчерээк 29 жаштагы А.Н. аттуу кыз бейтааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Кыз 5-июнь күнү чала тааныш адам аны үйүнө жеткирип коюуну сунуштап, бирок аны дачасына алып кеткенин түшүндүргөн. Ал жерде күч колдонуу менен кармап, андан соң зордуктаган. Кыз эртеси эртең менен гана качып кетүүгө үлгүргөнүн билдирген», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо”, “Зордуктоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 24 жаштагы А.Р. аттуу жаран экени аныкталды.

«Сурак маалында ал кыз менен социалдык тармактар ​​аркылуу таанышканын, буга чейин аны спорт залдан көргөнүн түшүндүргөн. Кат алышуу жана видео чалуулардан кийин алар 5-июнь күнү Бишкектеги кафелердин биринде жолугушкан. Кыз аны менен шаар сыртындагы дачага барууга макул болгон. Шектүү эч кандай күч колдонуусуз, өз ара макулдугу менен интимдик мамиледе болгонун билдирген. Жигит эртең менен кызды таппаган соң райондук милицияга кайрылып, анын бардык буюмдарын милицияга алып келгенин билдирген», - деп айтылат маалыматта.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости