www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын сунуштамаларын мамлекеттик органдар «милдеттүү түрдө аткарышы керек» деген норма кирмейинче бул мекеменин жасап жаткан ишинин пайдасы жок болуп жатат. Бул тууралуу омбудсмен Атыр Абдрахматова бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде билдирди.

«Акыйкатчынын «көңүл буруу актылары» сунуш катары гана киргизилгендиктен көп учурда аткарылбай келгени маалым. Буюрса жаңы Конституцияга ылайык акыйкатчы тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынып жатканда биздин «көңүл буруу актыларыбызды» аткарууга милдеттүү деп көрсөтсөк.

10-15 жылдан бери соттошуп, адилеттүүлүктү таппай жүргөндөр, Кыргызстанда, тилекке каршы, көп. Биз ар бир ошол учурларды талдап, адам укуктарынын бузулушун тапкан учурда жөнөткөн «көңүл буруу актыларыбыз» милдеттүү түрдө аткарылбаса, анда биз кылып жаткан иш кереги жоктой болуп калат экен», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости