www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн дагы бир Тажикстан жараны курман болду. 22 жаштагы исфаралык Сулаймонхужа Набиевдин сөөгүн жакындары 8-июнда Ростов облусундагы моргдон алып кетишти.

"Сулаймонхужа 2017-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Эки ай мурун ал орус жарандыгын алган жана Санкт-Петербургда каттоого турган. Ал жерден аны армияга алып кетишкен. Мен билгенден, ал Чеченстанда Гронныйдагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн. Качан Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн билбейбиз", - деди маркумдун агасы Мерож Солиев.

Украин басылмалары тараткан маалыматка караганда, Украниада орус армиясынын курманда борбор азиялык 6 миңдей киши согушууда, алардын арасында 100дөй тажикстандык бар. Иш жүзүндө канча тажикстандык жортуулда экени белгисиз. Ушул күнгө чейин кеминде он тажикстандык Украинада окко учту. Бул маалыматты алардын жакындары ырасташууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости