www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда январь окуялары учурунда ок тийип каза болгон төрт жаштагы Айкөркөм Мелдехандын үй-бүлөсү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин опузасынан кийин өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Orda.kz кабарлады.

Төрт жаштагы Айкөркөм Мелдехан ата-энеси менен бирге азык-түлүккө баратканда атып кетишкен. Анын 16 жаштагы эжеси жараланган. Автоунааны ким аткылаганы белгисиз.

Айкөркөмдүн атасы коопсуздук маселесинен улам үй-бүлөсү менен кайда кеткенин айткан жок. Анын билдиришинче, аларга атайын кызматтын өкүлдөрү бир нече жолу келип, Айдостун активдүү позициясына, журналисттерге интервью беришине нааразы болушкан.

3-июнда аны ден соолукка атайлап зыян келтирүү иши боюнча полицияга чакырышкан. Айдос аны бирөөлөр аңдып жүргөнүн айткан.

“Менин түшүнгөнүмө караганда, көзүмдү тазалагылары келип жатышат (кызынын өлүмүн иликтөөнү талап кылууну токтотуу үчүн)”, - деген Айкөркөмдүн атасы.

Айкөркөм Мелдехандын үй-бүлөсүнүн машинеси 7-январда – алар шаардык акимчиликке жакындаган маалда аткыланган. Ок Айкөркөмдүн башына тийген, кыз ошол жерде жан берген. Унаада агалары жана эжеси да болгон, ал да жараланган. Маркумдун атасы айдос Мелдехан машинесине 20 жолу ок тийгенин билдирген. Ал баллистикалык экспертиза бул куралды аскерлер колдонорун аныктаганын айткан.

Айдостун 15 жаштагы кызынын денесинде октун сегиз калдыгы калган, азырынча аларды чыгаруу мүмкүн эмес. Кыз араң басып жүрөт, окууну онлайн аяктады. Кенже уулу психологдун реаблитациясынан өтүүдө, коркуп калган.

Айкөркөм өлгөн күнү – 7-январда президент Касым-Жомарт Токаев армияга эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берген. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жалпысынан 238 киши өлгөн, алардын 20сына ок кокустан тийген. Казак бийлиги маркумдардын тизмесин азыркыга чейин жарыялай элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости