www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Время" программасынын түз эфиринде Украинадагы согушту айыптаган "Биринчи каналдын" мурдагы редактору Марина Овсянникова германиялык Die Welt басылмасына ишке алынды. Маалыматка караганда, ал газета үчүн макалаларды жазып, Орусия жана Украина жөнүндө программалардын даярдалышына катышат.

Die Welt журналисттин алгачкы блогун жарыялады, анда ал согушка каршы позициясы үчүн соцтармактарда таландыда калганын баяндаган. Овсянникованын айтымында, мындан тышкары анын автоунаасынын дөңгөлөгүн жарып, фитнес-клубдагы картасын блоктоп салышкан.

Маалыматта Марина Овсянникова Орусиядан чыгып кеткен-кетпегени айтылган эмес. Буга чейин ал "өтө коркунучтуу" болсо да башка жакка кетпей турганын айткан.

Дүйшөмбүдө Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Украинадагы "атайын аскердик операцияны" колдобогондорду жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөрүп чыккан. Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Орусиянын Тергөө комитети "Орусия Куралдуу күчтөрү жөнүндө жалган маалымат таратуу" беренеси боюнча териштирүү жүрүзүп жатат. Бул беренеде "жалган маалымат таратуу үчүн" 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости