www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда экономикалык өсүш жайлады

Өзбекстанда март айында инфляциянын деңгээли 10,5 пайызды түздү. Өлкөнүн Борбордук банкы билдиргендей, буга сумдун кунсузданышы, тышкы экономикалык тобокелчиликтер, азык-түлүктөрдүн 2,5%, башка товарлардын 1,1 % кымбаттаганы себеп болду.

«Тышкы абалдын курчушу биздин регионго таасирин гана тийгизип тим болбостон, камсыздоо чынжырчасын үзүп, логистикалык системанын убактылуу токтошуна алып келүүдө», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандык экономисттер азык-түлүк товарларынын баасы 20-30% жогорулаганын, Борбордук Банктын көрсөткүчү чындыкка коошпой турганын айтышууда. Экономист Акмал Тошбек Борбордук банк өз анализинде азык-түлүк рыногундагы эң төмөнкү бааны көрсөтөрүн белгиледи:

– Маселен, айрым өнүмдөрдүн баасы төмөндөп, айрымдарынынкы жогорулады. Мартта базарда жаңы картошка чыкты, анализде болсо эски картошканын баасы көрсөтүлөт. Аналитиктер көптөгөн азык-түлүктөрдүн орточо баасын эсептегендиктен инфляция төмөн болгонсуп көрүнүп жатат. Чынында инфляциянын деңгээли 10,5 % жогору.

7-мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ички рынокто азык-түлүк бааларынын туруктуулугун камсыздоону тапшырган.

10-апрелде Дүйнөлүк банк Украинадагы согуштун башка өлкөлөрдүн экономикасына тийгизип жаткан таасири жөнүндө баяндамасын жарыялаган. Ага караганда, Өзбекстанда 2022-жылы экономикалык өсүш 3,6 % чейин төмөндөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости