www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пентагондун башчысы Ллойд Остин Украинанын эгин экспорттоо көйгөйүнө комментарий берип, бул маселе боюнча АКШнын позициясын ачыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Сингапурда өткөн эл аралык Шангри-Ла диалогу конференциясында Остинге учурда согуштук аракеттерден улам жабылып калган аскер-деңиз флоту Украинанын Кара деңиздеги портторунан эгин ташууга катыша алабы деген суроо берилген.

Остин товарлардын экспорттолушуна токтолуп, мындай кырдаалда дипломатияны АКШнын приоритети деп атады.

«Сиз ушул жана башка аймактардагы биздин аскерлер кошумча нарк фактору боло алабы же жокпу деп сурап жатасыз. Албетте, колубуздан келет. Бирок биз ар дайым биринчи кезекте дипломатиялык чечим издегибиз келет жана мен азыр бул жаатта көп энергияны көрүп жатам, жана биз туура нерселер болот деп үмүттөнөбүз", - деди Остин.

Буга чейин Орусияга дан Луганск Эл Республикасынан (ЛПР) ташыла баштаган. Республиканын башчысы Леонид Пасечник алгачкы 650 тонна товар жөнөтүлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тарткан.

Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов украин данын деңиз аркылуу жеткирүү өлкөнүн коопсуздугу кепилденмейинче эч кимге эгин берилбестигин билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоонун бир нече жолу бар экенин айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости