www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

HIMARS менен аткылоодо АКШ согуш талаасында Россия армиясынын координаттарын Украинанын Куралдуу Күчтөрүнө (УКК) көрсөтүп берип жатышат. Бул туурасында америкалык жана украиналык аскер аткаминерлери моюндарына алышты. Маалымат Европада жайгашкан америкалык аскер жетекчилеринен чыккан.  

Украиналык аткычтар АКШнын түздөн-түз көрсөтмөсү аркылуу иштеп жатышкандыктарын жашырышпайт. Украиналык аскер аткаминерлеринин айтымында Пентагондон сунуш кылынган заманбап ракеталык системалардан атууну көп учурларда АКШ жана анын союздаштарынан алынган жана бекитилген координаттарда ишке ашыруу керек. Бул маалыматтарды Украинанын үч жогорку чиндеги аскер адамдары жана бир америкалык аткаминер далилдеген. Мындан мурдараак украин аскерлери бир нече ай бою орустардын аскерлери жайгашкан аймактарды  HIMARS  жана М270 жогорку тактыктагы жалпылап атылуучу артиллериялык реактивдүү системаларды пайдаланышып, аткылап турушкан. 

Украинанын жогорку чиндеги аскер аткаминери Европада жайгашкан америкалыктардын аскер базаларынын жаңы моделдеги куралдары менен орустардын армиясынын жайгашкан аймактарынын так координаттарын белгилемейинче Украина Куралдуу Күчтөрү эч убакта ата албайт. Бул расмий өкүлдүн пикиринче мындай иш-аракет Вашингтонго ишеним жаратып, келечекте Киевди чоң аралыктагы алыстыкка атылуучу куралдар менен камсыздайт деп ишенет. 
Америкалык жогорку бийлик өкүлү анонимдик түрдө айтып бергендей Украинадагы согушта ракеталык аткылоолордо Америка башкы ролду ойноп, ал аткылоолор так жана натыйжалуу болушун камсыздаган. Анткени америкалыктар так маалыматты жана координатты кеңешип туруп анан көрсөтүп беришет.  Ошондой эле анын айтымында украиналыктар башка куралдар менен аткылоолордо буталарды өздөрү эле аныктап, ишке ашырып келишет. 
GPS системалары менен аныкталган соккуларды ишке ашырууда бир жыл мурда Киев өздөрүнүн алсыз экендиктерине карабастан жыйынтыктуу жүргүзгөн. Өткөн жылдын декабрь айындагы Ак үйгө болгон иш-сапарында  президент Владимир Зеленский президент Байденге украиналык HIMARS бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилген «Эрдик менен кызмат кылгандыгы үчүн» медалын бекеринен тапшырбаса керек. Бирок бул маселеде өз эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан Киевдин согушпаган тилектеши (союзник) катары өзүн көрсөтүүгө далалаттанган АКШ өкмөтүнүн назик аракети окшошобу же окшошпой калдыбы, ал өзүнчө маселе. Ошол эле мезгилде Кремль Вашингтонду жана анын НАТОдогу пикирлештерин бир канча жолу Украинадагы  согушка кыйыр түрүндө аралашып жатышкандарын эскертип, күнөөлөп келген.

Даярдаган: Нур Байгазаков - журналист

Булак: Washington Post гезити

 

Последние новости