www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий, каржылык ресурсу, салмагы бар адамды кайрадан саясатка аралаштырып, бийликке жетүүгө неге болбосун. Мындай пикирин Мирлан Дүйшөнбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарылануу үчүн чыгарылганына байланыштуу ар кандай пикирлер айтылууда, жазылууда. Негизинен;  саясатка кайтып келиши, Жээнбековдордон өч алуусу жөнүндө. Өзүнүн абактан чыккандан кийинки суроолорго берген жоопторуна назар салсак, саясатка кайтып келүү, бийлик үчүн күрөшүү ниети деле жоктой… Бирок баарын убакыт көрсөтөт… Саясатта айтылган сөздөр менен иштер дайыма эле дал келе бербейт. Эгерде саясатка кайткысы келбесе абактан чыгаары менен билдирүүлөрдү жаадырбайт беле деген ой кетет... 

А. Атамбаевдин эркиндикке чыгуусу анын жанында дайыма болуп, сатпай келаткандарды эске албаганда, лидер издеп атышкан оппозиция өкүлдөрүнө, аны жандап, айланчыктап бийликке барсак, кызматка жетишсек, «устуканга» ээ болсок деген айрым саясатчыларга, экстерге, мансапкөйлөргө майдай жагууда.

Саясий, каржылык ресурсу, салмагы бар адамды кайрадан саясатка аралаштырып, бийликке жетүүгө неге болбосун. Атамбаевди шыкактап, ар нерселерди айтып, саясий олимпке алып келүүгө аракеттенүүчүлөр биринчи кезекте мына ошолор. Аларга мурдагы президент ошон үчүн гана керек. Аны Алмаз Шаршенович деле эң жакшы түшүнгөндөй эле болду…

Кыргыз саясатында баары болушу мүмкүн. Балким, Атамбаев саясий ишмердигин жандантып, өзүнүн "соратнигин" сүрөп чыгарып, анын артынан бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алганга умтулар. Жокко чыгарууга да болбойт. Бирок бийликке жетип алган адам эч качан башканын айткан, дегенинен чыкпаган номиналдуу президент болбостугун, президенттик үстөлгө отурган күндөн тартып эч кимге баш ийгиси келбей каларын деле жакшы түшүнгөндөй болду жарыктык киши…

«Саясатка келесизби?» деген суроого «Убакыт көрсөтөт» деп жооп берди. Бул саясатка келе турганын билдирет. Келсин, аралашсын. Мурдагы президенттер саясатка аралашпасын, шайлоолорго катышпасын деген мыйзамдык тыюу жок. Демек, А. Атамбаевдин сот аркылуу өзүн толук реабилитациялап алгандан кийин саясатка аралашууга акысы бар. Бирок ал кишинин мындан аркы саясаттагы кадамдары, жүрүшү Конституциялык нукта, мыйзамдуу жолдор менен болушун каалайт элем. Бул өңүттөн алганда, анын саясий күрөштүн маданиятын калыптандырууга, революциялык эмес, саясий эволюциялык жолду өнүктүрүүгө, ал жагынан башкаларга үлгү болууга зор шансы бар. Арийне, ошол жолду тандап алабы, же жандай баштагандар менен жандачулар башкасына түртөбү, көрө жатарбыз", - деп жазган Дүйшөнбаев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости