www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров абакта калтырылды

Бүгүн, 15-февралда Биринчи Май райондук сотунда бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп шектелген экс-башкы прокурор, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралды.

Экс-элчи буга чейин анын кылмыш иши өзүнчө өндүрүштө болсо, бүгүнкү күндө Кемпир-Абадга байланышкан бардык кылмыш иштери бириктирилгенин айтты.

«Буга чейин Бекназаров адвокаттык статуска ээ болгон жана ага өлкөнүн башкы прокурору гана кылмыш ишин козгой алган», - деп түшүндүрүштү адвокаттар.

Жыйынтыгында Бекназаровго карата СИЗОго камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы 2023-жылдын 20-апрелине чейин узартылды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости