www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков баш болгон жана жазуучу, акындар менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда, Мамлекеттик катчы жазуучулар уюму Улуттук макам алганы менен мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулбай, материалдык колдоого муктаж болуп келе жатканын айтты.
Жазуучуларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн уккан Мамкатчы Президент Садыр Жапаровдун атайын «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», ошондой эле “Улуттук нарк” жөнүндөгү Жарлыктардын негизинде иш жүргүзүлөрүн белгиледи.
Жазуучулардын башын бириктирген уюм 1934-жылы уюшулуп, 2004-жылдан бери улуттук макамына ээ. Учурда Жазуучулар союзунун 600дөй мүчөсү бар. Анда проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат.
Булак: NazarNews.kg