www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда Россия менен Украинанын футбол командаларынын оюнчулары мушташып кетишти. Бул тууралуу Deutsche Welle дүйнөлүк сайты жазып чыкты.
Эки өлкөнүн футболчулары Анталья шаарындагы мейманканага жайгашышкан. Россиянын "Шинник" командасы жана Украинанын "Минай" командасынын ортосундагы мушташ россиялыктардын башка мейманканага көчүп кетиши менен аяктады. Жуманын башында болгон бул окуянын күбөлөрүнүн айтымында чатак чоң масштабга айланып кетиши мүмкүн болчу.
Антальядагы Royal Seginus мейманкансында жайгашышкан эки команданын чатагы эмнеден келип чыкты?
Россиялык тараптын айтымына караганда “украиндыктар “Шинник” командасынын башчысына украиндыктар өздөрүнүн гимнин ойнойсуң”-деп талап кылышкан. Ал эми украиналык оюнчулардын белгилөөсүндө “орус футболчусу мейманкада алкогольдук ичимдик ичип алып чыр чыгарган”. Натыйжада сөздөн-сөз чыгып отуруп, аягы чоң мушташ менен бүткөн. Мушташ лифттин ичинде башталып, орустар жайгашкан кабатка жеткенче уланган. Орусиялык “Шинник” командасынын дарыгеринин айтымында орус футболчуларынын арасынан эрди жарылып, колдун манжалары жана буттар сынып кеткен, ошондой эле кабырга да сынган деп белгилейт.
Жыйынтыгында россиялык футболчулар башка мейманканага көчүп кетишкен. “Шинник” командасы Россиянын Ярославль областынан ал эми “Минай” командасы Украинанын Закарпатье областынын Минай айылынан.