www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлиги коомдук талкууга электр жарыгына болгон жаңы тарифти сунуш кылды.
Жаңы бааларды төмөнкүдөй кылуу каралууда.
Эки тепкичтүү тариф калтырылып, 1 сомдук баадагы электр жарыгынын керектөө лимити 700 киловатт 1,5 миң киловаттка көтөрүлөт. Белгиленген лимиттен ашыкча пайдаланылса, киловатт-саатына 2,16 сомдон алынат.
Азыркы кезде бул тариф керектөө 700 киловаттан ашкан учурда төлөнөт. Бул тариф аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн калтырылып, 1,5 миң киловаттка чейин 50 тыйындан төлөшөт. Ал эми лимиттен ашкан учурда 2,16 сомдон төлөй баштоого туура келет.
Мындан сырткары, 2024-жылдан тартып тарифтин баасы ар жылдын 1-июнунан инфляциянын деңгээлине жараша көбөйтүлүп турат.
Булак: NazarNews.kg